ӨЗГӨЧӨ БАЛДАРГА МАЙРАМДЫК МААНАЙ ТАРТУУЛАНДЫ
04.12.2025 09:45
4
ӨЗГӨЧӨ БАЛДАРГА МАЙРАМДЫК МААНАЙ ТАРТУУЛАНДЫ
3-декабрь - Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө карата Манас шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинде иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасынын орун басары Назгүль Айдарова жана облустук, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Анда сөз сүйлөгөн шаар мэри Эрнисбек Ормоков аярлуу адамдарды кароодо дарыгерлердин, борбордун кызматкерлеринин орду чоң экендигин белгилеп, жергиликтүү бийликтин атынан акча каражатын тапшырды. Ошондой эле аталган мекемеге балдар ойноочу аянтча куруп берерин убадалады.
Учурда бул мекемеде 4 жаштан 18 жашка чейинки 100дөн ашык бала тарбияланат.
Кошумчалай кетсек, шаар аймагындагы майыптыгы бар 925 жаранга жергиликтүү бюджеттен 462 500 сом акча каражаты ажыратылды.