ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДАГЫ УКУК БУЗУУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ

24.03.2026  16:20

12

ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДАГЫ УКУК БУЗУУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ

ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДАГЫ УКУК БУЗУУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ

Манас шаарында өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу максатында №11, №23 жана №16 орто билим берүү мектептеринде жыйындар өткөрүлдү.

Иш-чарага Манас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Нурбек Караев, Манас шаарынын прокурору Эркингүл Урдалетова, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Байзаков, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Назира Жакыпова, ички иштер бөлүмү, мектеп директорлору, мугалимдер жана окуучулар катышты.

Жыйындын жүрүшүндө 2025-жылы Манас шаарында балдар жана өспүрүмдөр арасында катталган кылмыштуулук боюнча маалыматтар айтылып, зордук-зомбулуктун, укук бузуулардын жана эрте никеге туруунун терс кесепеттери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу, алардын деңгээлин төмөндөтүү, тарбиялык иштерди күчөтүү, ошондой эле мекемелер аралык кызматташууну жакшыртуу болуп саналат.

 Белгилей кетсек, мындай алдын алуу иш-чаралары шаардагы бардык мектептерде бекитилген графикке ылайык улантылууда.