ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДАГЫ ТЕРС КӨРҮНҮШТӨРДҮН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА МЕКТЕПТЕРДЕ ЖЫЙЫНДАР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

10.02.2026  09:26

1

ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДАГЫ ТЕРС КӨРҮНҮШТӨРДҮН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА МЕКТЕПТЕРДЕ ЖЫЙЫНДАР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДАГЫ ТЕРС КӨРҮНҮШТӨРДҮН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА МЕКТЕПТЕРДЕ ЖЫЙЫНДАР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

🔶️ Манас шаарынын мэриясы шаардык прокуратура менен биргеликте Манас шаарындагы М.Бабкин атындагы №1 орто мектебинде өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун, өз өмүрүнө кол салуулардын жана эрте никеге туруунун алдын алуу максатында «Зордук-зомбулукка жол жок» аттуу жыйын өткөрдү.

Иш-чарага Манас шаарынын прокурору Эркингүл Урдалетова, Манас шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү секторунун башкы адиси Бегимай Тойгонбаева, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Барчынай Жалилова, психолог Дилнура Ташыбекова, ШИИБдин жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн инспектору Уланыч Каримжан уулу жана ата-энелер катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тиешелүү адистер тарабынан өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун, кылмыштуулуктун жана эрте никеге туруунун терс кесепеттери тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле ата-энелер балдардын тарбиясына, коопсуздугуна жана психологиялык абалына өзгөчө көңүл бурууга чакырылды.

📌 Иш-чаранын негизги максаты — жаштардын коопсуздугун камсыз кылуу, алардын психологиялык абалына көңүл буруу жана туура жашоо багытын көрсөтүү.

📌 Белгилей кетсек, мындай алдын алуу иш-чаралары шаардагы бардык мектептерде бекитилген графикке ылайык өткөрүлүп жатат.