НООРУЗ МАЙРАМЫНА АРНАЛГАН КЕЧКИ КОНЦЕРТКЕ 10 МИҢГЕ ЧУКУЛ КӨРҮҮЧҮ КАТЫШТЫ

21.03.2026  22:35

5

НООРУЗ МАЙРАМЫНА АРНАЛГАН КЕЧКИ КОНЦЕРТКЕ 10 МИҢГЕ ЧУКУЛ КӨРҮҮЧҮ КАТЫШТЫ

Манас шаарында Нооруз майрамына карата уюштурулган майрамдык иш-чаралардын алкагында кечки гала-концерт өткөрүлдү. Аталган концертке 10 миңге чукул шаар тургундары жана коноктор катышты.

Концерттик программада жергиликтүү таланттар менен катар борбор калаадан келген белгилүү эстрада ырчылары өнөр көрсөтүп, жандуу аткаруулар тартууланды.

Иш-чарада коомдук коопсуздук тиешелүү кызматтар тарабынан камсыздалды.