МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТКЕРЛЕР АРАСЫНДА СПОРТТУК МЕЛДЕШ ӨТКӨРҮЛДҮ

25.04.2026  12:35

19

МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТКЕРЛЕР АРАСЫНДА СПОРТТУК МЕЛДЕШ ӨТКӨРҮЛДҮ

Манас шаарынын мэриясы 1-май — Эмгекчилердин эл аралык күнүнө карата Манас шаарынын мэринин кубогуна арналган волейбол жана кичи футбол боюнча муниципалдык мекемелердин кызматкерлери арасында спорттук мелдеш өткөрдү.

Иш-чаранын максаты — кызматкерлер арасында сергек жашоо образын жайылтуу, жамааттык ынтымакты бекемдөө жана спортко болгон кызыгууну арттыруу болуп саналат.

Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов катышуучуларга ийгилик каалап, спорт ден соолуктун булагы экенин белгиледи. Ошондой эле ал кызматкерлерди иш менен катар ден соолукка да кам көрүүгө чакырды.

Мелдешке оюнчулар активдүү катышып, кызыктуу жана курч атаандаштыкта оюн көрсөтүштү. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө мэрдин кубогу жана баалуу белектер тапшырылды.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар үчүн шаар мэри тарабынан сый тамак уюштурулду.