МЭРДИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ
04.03.2026 09:15
2
Манас шаарынын мэринин биринчи орун басары Дамирбек Давлянов Казакстандын Астана шаарында өткөн белбоо жана белбоолуу алыш күрөшү боюнча эл аралык турнирде ийгилик жараткан жаш спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын кабыл алды.
Аталган эл аралык турнирге Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Россия мамлекеттеринин спортчулары катышып, беш өлкөнүн ичинен жеңүүчүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан биринчи орунду камсыз кылды.
Турнир 15–17 жаштагы өспүрүмдөр арасында өткөрүлүп, Искак Разаков атындагы олимпиадалык резервдеги спорт мектебинен жалпы 15 спортчу катышкан. Алардын ичинен 9 спортчу байгелүү орундарга жетишти. Тактап айтканда, 2 спортчу 3-орунду, 3 спортчу 2-орунду, ал эми 4 спортчу 1-орунду ээлешти.
Шаар мэринин биринчи орун басары жаш спортчуларды жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, спортчуларга жана машыктыруучуларга ыраазычылык билдирди.