МЭР ЖУРНАЛИСТ АЙЫМДАРДЫ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

06.03.2026  14:00

3

МЭР ЖУРНАЛИСТ АЙЫМДАРДЫ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов 8-Март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата журналист айымдарды майрамы менен куттуктады. Шаар башчысы өз куттуктоосунда журналист айымдардын коомдогу орду өзгөчө экенин белгилеп, үй-бүлөгө кам көрүү менен катар коомчулукка так, ыкчам жана ишенимдүү маалымат жеткирүүдөгү эмгектери зор экенин айтты. Ошондой эле, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык ийгиликтерди каалады.