МЭР ЖАРАНДАРДЫ ЖЕКЕ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА КАБЫЛ АЛДЫ
26.02.2026 09:12
10
25-февралда Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды.
Анда шаар тургундары социалдык колдоого муктаждык, жумуш менен камсыз кылуу, ден соолукка байланыштуу жардам алуу, ошондой эле ички көчөлөргө саркынды суу түтүктөрүн тартуу сыяктуу көйгөйлөрдү айтышты.
Шаар мэри ар бир жарандын кайрылуусун угуп, жеринде жетекчилерге тапшырмаларды берди. Ошондой эле көтөрүлгөн маселелер мыйзамдын негизинде жана белгиленген тартипте караларын белгиледи.
Эске салсак, Манас шаарынын мэри жарандарды ар аптанын шаршемби күнү саат 14:00дөн кийин кабыл алат.