МЭР ЖАМУда КӨЧӨТ ОТУРГУЗУУ ИШ-ЧАРАСЫНА КАТЫШТЫ
14.04.2026 16:00
3
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде «Кыргыз-кытай достук багы» аталышындагы көчөт отургузуу иш-чарасы уюштурулду. Иш-чарага Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, Кытай темир жол курулушунун үчүнчү бюросунун өкүлдөрү, окуу жайдын жетекчилиги жана студенттер катышты.
Катышуучулар жашыл аймактарды көбөйтүү, экологияны коргоо жана эки өлкө ортосундагы достукту бекемдөө маанилүү экенин белгилешти.
Иш-чаранын алкагында ар түрдүү бак-дарактар отургузулуп, “Кытай-Кыргыз достук багынын” эстелик тактасы ачылды. Ошондой эле илимпоздордун “Акылдуу темир жол инновациялык борбору” аталышындагы долбоору презентацияланды.