МЭР ТЕМИР ЖОЛДУН ОРДУНА КУРУЛУП ЖАТКАН ЖОЛДУН КУРУЛУШ ИШТЕРИ МЕНЕН ЖЕРИНДЕ ТААНЫШТЫ
11.02.2026 16:44
2
9-февраль күнү, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Жалал-Абад – Көк-Жаңгак темир жолунун ордуна курулуп жаткан жаңы жолдун курулуш иштери менен жеринде таанышты.
Анын алкагында шаар башчысы жол тилкесине чыгып кеткен жергиликтүү тургундар менен жолугуп, курулуштарды бир айдын ичинде өз ыктыяры менен бузуп алуу керектигин билдирди.
Ошондой эле белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин курулуштар атайын техникалардын жардамы менен алынарын эскертти.
Мындан тышкары, курулушту жүргүзүп жаткан тиешелүү жетекчилерге жеринде бир катар тапшырмалар берилип, иштерди белгиленген тартипте жана өз мөөнөтүндө аягына чыгаруу зарылдыгы белгиленди.
Аталган жаңы жол төрт тилкелүү болуп, жалпы узундугу 12,5 чакырымды түзөт. Тактап айтканда, Манас шаарынын Т. Байзаков проспектисинен Октябрь айылына чейинки аралыкты камтыйт.
Белгилей кетсек, курулуш иштери Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан жүргүзүлүүдө.