МЭР ШКУга МҮЧӨ МАМЛЕКЕТТЕРДИН АЙМАК ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН V ФОРУМУНА КАТЫШУУДА

29.05.2026  14:30

3

МЭР ШКУга МҮЧӨ МАМЛЕКЕТТЕРДИН АЙМАК ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН V ФОРУМУНА КАТЫШУУДА

МЭР ШКУга МҮЧӨ МАМЛЕКЕТТЕРДИН АЙМАК ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН V ФОРУМУНА КАТЫШУУДА

Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин аймак жетекчилеринин V форумуна катышууда.

Форумдун алкагында мэр Россия Федерациясынын Москва облусуна караштуу Балашиха шаарынын жетекчилиги менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык маселелери боюнча пикир алышты. Жолугушууда аймактар аралык байланышты бекемдөө, соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүү жана шаарлар ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүү багытындагы маселелер талкууланды.

Белгилей кетсек, форум 27-май күнү башталган. Ага Кыргызстан, Кытай, Өзбекстан, Россия, Тажикстан, Казакстан, Иран, Беларусь, Индия, Пакистан мамлекеттеринин жана ШКУ катчылыгынын расмий делегациялары катышууда.