МЭР РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ОШ ШААРЫНДАГЫ БАШКЫ КОНСУЛУН КАБЫЛ АЛДЫ

13.02.2026  11:44

4

МЭР РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ОШ ШААРЫНДАГЫ БАШКЫ КОНСУЛУН КАБЫЛ АЛДЫ

Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулу Свистин Роман Викторовичти кабыл алды.

 Жолугушуунун жүрүшүндө шаар мэри конокту жылуу тосуп алып, Манас шаарына жасаган иш сапары үчүн ыраазычылык билдирди. Өз сөзүндө ал Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы достук, өз ара урматтоо жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелер бекем негизге ээ экенин белгиледи.

Тараптар эки өлкөнүн аймактары ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Айрыкча экономика жана инвестиция тартуу багыттарындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү каралды. Биргелешкен долбоорлор шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө оң таасирин тийгизери белгиленди.

Бүгүнкү күндө Манас шаары Россия Федерациясынын бир катар аймактары менен кызматташтык мамилелерди өнүктүрүп келет. Мэр бул багыттагы иштер мындан ары да улантылып, жаңы демилгелер ишке ашырылаарын билдирди.

Жолугушуу жылуу маанайда өттү. Тараптар мындан ары да өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.