МЭР ПРЕЗИДЕНТТИН ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ӨКҮЛҮ МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ БИР КАТАР КУРУЛУШТАРДЫН ЖҮРҮШҮН ТЕКШЕРДИ
11.02.2026 17:02
2
10-февралда, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев менен биргеликте шаар аймагында жүрүп жаткан бир катар курулуш объекттериндеги иштердин жүрүшүн жеринде текшерди.
Алгач жетекчилер Жалал-Абад регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, ошондой эле Кадастр мамлекеттик мекемесинин Манас шаарындагы филиалы үчүн курулуп жаткан жаңы имараттын курулуш иштери менен таанышышты.
Андан соң 5200 орундуу көп функционалдуу спорт сарайынын, облустук оорукананын 7 кабаттуу жаңы корпусунун, Президенттик «Акылман» лицейинин филиалынын, Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун 7 кабаттуу имаратынын, 22 гектардан ашуун аянтты ээлеген жаңы базардын, «Жеңиш» эс алуу багынын реконструкциялоо иштеринин жана «Асман резиденс 8» ипотекалык турак жай комплексинин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Курулуштарды кыдыруу учурунда жетекчилер подряддык уюмдарга иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруу жана объекттерди белгиленген мөөнөттөрдө толук бүткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды беришти.