МЭР МУРДАГЫ ОБЛУСТУК АДМИНИСТРАЦИЯНЫН ИМАРАТЫН МЕКТЕПКЕ АЙЛАНДЫРУУ МАСЕЛЕСИН ЖЕРИНДЕ ТАЛКУУЛАДЫ

14.03.2026  09:41

7

МЭР МУРДАГЫ ОБЛУСТУК АДМИНИСТРАЦИЯНЫН ИМАРАТЫН МЕКТЕПКЕ АЙЛАНДЫРУУ МАСЕЛЕСИН ЖЕРИНДЕ ТАЛКУУЛАДЫ

Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн мурдагы имараты менен жеринде таанышып, аны мектепке айландыруу мүмкүнчүлүгүн тиешелүү жетекчилер менен талкуулады.

Таанышуу учурунда шаар башчысы имараттын абалын көрүп чыгып, жооптуу кызматкерлерге аталган имаратты мектепке ылайыкташтыруу жана окуу жай катары пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу боюнча тапшырма берди.