МЭР МАНАС ШААРЫНЫН ЖЕР ФОНДУН ИНВЕНТАРИЗАЦИЯЛОО ЖУМУШТАРЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

16.02.2026  09:11

5

МЭР МАНАС ШААРЫНЫН ЖЕР ФОНДУН ИНВЕНТАРИЗАЦИЯЛОО ЖУМУШТАРЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

МЭР МАНАС ШААРЫНЫН ЖЕР ФОНДУН ИНВЕНТАРИЗАЦИЯЛОО ЖУМУШТАРЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

 14-февраль күнү, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков “Кыргызгипрозем” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлгөн Манас шаарынын жер фондун инвентаризациялоо жумуштарынын жыйынтыгы менен таанышты.

 Шаар башчысы аткарылган жумуштар үчүн “Кыргызгипрозем” мамлекеттик ишканасына ыраазычылык билдирип, Жер ресурстары башкармалыгына даярдалган Манас шаарынын санарип картасы менен иш алып барууну күчөтүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

 Ошондой эле, бул багыттагы аткарылган иштердин натыйжасында шаар аймагындагы жерлерди так эсепке алуу, пайдаланууну жөнгө салуу жана санариптештирүүнү өнүктүрүүгө өбөлгө түзүлгөндүгүн кошумчалады.