МЭР ЧЕМПИОН ВОЛЕЙБОЛЧУЛАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ
19.05.2026 11:00
18
Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов Волейбол федерациясынын Жогорку лигасында жеңишке жетишкен Манас шаарынын “ВК Манас” клубунун кыздар командасын кабыл алды.
Жолугушууда шаар башчысы спортчу кыздарды жана машыктыруучуларды ийгиликтери менен куттуктап, алардын жеңиши шаар үчүн чоң сыймык экенин белгиледи. Ошондой эле команданын мындан аркы мелдештерине дагы ийгиликтерди каалады.
Эске салсак, “ВК Манас” кыздар командасы 2026-жылдын 3-май күнү Бишкек шаарында өткөн Кыргыз Республикасынын Волейбол федерациясынын Жогорку лигасынын XVIII чемпионатында 1-орунду багындырган.