МЭР АЗИЯ ЧЕМПИОНАТТАРЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН КАБЫЛ АЛДЫ

03.06.2026  16:35

8

МЭР АЗИЯ ЧЕМПИОНАТТАРЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН КАБЫЛ АЛДЫ

Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов Азия чемпионаттарында ийгиликтүү жыйынтык көрсөткөн спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мэр жаш спортчуларды эл аралык мелдештердеги жетишкендиктери менен куттуктап, алардын ийгилиги Манас шаары үчүн чоң сыймык экенин белгиледи. Ошондой эле спортчулардын талыкпаган эмгегине жана машыктыруучуларынын салымына жогору баа берип, мындан аркы мелдештерде дагы бийик ийгиликтерди каалады.

📌Эскерте кетсек, 2026-жылдын 23–31-май күндөрү Вьетнамдын Да Нанг шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча U23 жана U17 жаш курактарындагы Азия чемпионатында Манас шаарындагы Р.Санатбаев атындагы спорт мектебинин спортчулары ийгиликтүү катышып, алтын жана коло медалдарды багындырышкан.

Ал эми 16–20-май күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн MMA боюнча Азия чемпионатында да манастык спортчулар байгелүү орундарды камсыздап, өлкө намысын татыктуу коргошкон.