МЭР АНКАРАДАН КЕЛГЕН ДЕЛЕГАЦИЯНЫ КАБЫЛ АЛДЫ

18.12.2025  09:32

1

МЭР АНКАРАДАН КЕЛГЕН ДЕЛЕГАЦИЯНЫ КАБЫЛ АЛДЫ

 Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Анкара губернаторунун орун басары Иззеттин Севгили баштаган Түркия Республикасынан келген расмий делегацияны кабыл алды.

 Жолугушууга Манас шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов, Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өкүлдөрү, Түрк мамлекеттер уюмунун Секретариатынын өкүлдөрү катышты.

 Жолугушуунун жүрүшүндө Манас шаарынын мэри Түркия Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы тарыхый достук мамиле жана боордоштук байланыштарга токтолду. Ошондой эле мындай жолугушуулар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө, социалдык-экономикалык жана туристтик багыттардагы алакаларды кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн айтып, белектерди тапшырды.