МЭР АКШнын МИССУРИ УНИВЕРСИТЕТИНЕН КЕЛГЕН СТУДЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛДЫ
02.06.2026 15:35
6
Бүгүн Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов АКШдагы Миссури университетинин профессордук-окутуучулук курамын жана студенттерин кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү, жаштар саясаты, туризм, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Мэр шаар тууралуу кеңири маалымат берип, калаанын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгү жана жаштар үчүн түзүлүп жаткан мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди. Ошондой эле коноктордун ар багыттуу суроолоруна жооп берди.
Өз кезегинде коноктор жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын маданияты, тарыхы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш тажрыйбасы менен таанышууга кызыкдар экендиктерин белгилешти.