МЕКТЕПТЕРГЕ ЖАКЫН ЖАЙГАШКАН ДҮКӨНДӨР КАЙРАДАН ТЕКШЕРИЛДИ
20.05.2026 15:00
14
Бүгүн Манас шаарында мектептерге жакын жайгашкан соода түйүндөрүндө балдардын ден соолугуна зыян келтирүүчү азык-түлүктөрдүн сатылышына каршы кезектеги рейддик иш-чара жүргүзүлдү.
Иш-чарага Манас шаардык мэриясынын тиешелүү бөлүмдөрү жана облустук Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкүлдөрү катышты.
Рейддин жүрүшүндө мектептердин айланасындагы дүкөндөрдө сатылып жаткан айрым азык-түлүктөрдүн сапаты жана алардын тиешелүү сертификаттары текшерилди. Тактап айтканда, курамында ден соолукка зыяндуу кошулмалары бар, балдардын организми үчүн терс таасир тийгизиши мүмкүн болгон азыктар боюнча сатуучулардан тиешелүү документтер талап кылынды.
Бирок айрым соода түйүндөрүнүн ээлери текшерүү маалында продукциялардын сертификаттарын көрсөтө алышкан жок. Белгилей кетсек, эки күн мурда өткөрүлгөн рейд учурунда эскертүү берилгенине карабастан, ошол эле азык-түлүктөр бүгүнкү күндө да сатыкта экени аныкталды.
Натыйжада Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан дүкөн ээлерине 10 күндүк мөөнөт берилип, расмий эскертүү баракчалары тапшырылды. Бул аралыкта сырттан ташылып келген азык-түлүктөрдүн сертификаттарын толуктап берүү же талапка жооп бербеген товарларды сатуудан алуу милдеттендирилди.
Эгерде коюлган талаптар аткарылбаса, мыйзам чегинде 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып пул салынары эскертилди.
Эскерте кетсек, буга чейин өткөрүлгөн рейдге шаар мэриясы менен санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы катышкан болсо, бүгүнкү текшерүү иштери Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен биргеликте жүргүзүлдү.