МЕКТЕПТЕРГЕ ЖАКЫН ДҮКӨНДӨР ТЕКШЕРҮҮГӨ АЛЫНДЫ

18.05.2026  16:00

16

МЕКТЕПТЕРГЕ ЖАКЫН ДҮКӨНДӨР ТЕКШЕРҮҮГӨ АЛЫНДЫ

Бүгүн Манас шаарында мектептерге жакын жайгашкан соода түйүндөрүндө ден соолукка зыяндуу азык-түлүктөрдүн сатылышына каршы рейд жүргүзүлдү.

Иш-чарага шаар мэриясынын тиешелүү бөлүмдөрү жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы катышты.

Рейддин жүрүшүндө мектептердин айланасындагы айрым дүкөндөрдө (буга чейин бир нече жолу эскертүү берилгенине карабай) курамында зыяндуу кошулмалары бар, балдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизүүчү азык-түлүктөр сатылып жаткандыгы аныкталды. Айрым соода жайларында спирт ичимдиктери да сатылып жатканы маалым болду. Аталган фактылар боюнча соода түйүндөрүнүн ээлерине бул азыктарды сатуудан дароо алып салуу боюнча жеринде тапшырма коюлду. Ал эми алдыда дүкөн ээлерине мыйзам чегинде тиешелүү чаралар, анын ичинде айыппул салуу каралары маалымдалды.

Мындан тышкары, соода жайларынын ээлерине санитардык талаптарды так сактоо, азык-түлүктөрдүн сапатына жана сактоо мөөнөтүнө өзгөчө көңүл буруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.