МЕДРЕСЕДЕ ОКУГАН КЫЗДАРГА “БЕЙИШ-2: АПАМА КАТ“ ТАСМАСЫ КӨРСӨТҮЛДҮ
11.02.2026 17:19
3
Манас шаарынын мэриясы, “Galaxy Cinema” кинотеатры жана Манас шаардык хатибияты менен биргеликте шаардын аймагындагы кыздар медреселеринин окуучуларына руханий-тарбиялык маанидеги “Бейиш – 2: Апама кат” тасмасын акысыз көрсөтүүнү уюштурду.
Иш-чаранын максаты — жаш муунду адеп-ахлакка, ата-энени сыйлоого жана жакшы сапаттарга үндөө болуп саналат.