МАНАС ШААРЫНЫН ЖАҢЫ МЭРИ ТААНЫШТЫРЫЛДЫ
23.02.2026 15:40
6
МАНАС ШААРЫНЫН ЖАҢЫ МЭРИ ТААНЫШТЫРЫЛДЫ
Бүгүн, 23-февраль күнү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Манас шаарынын жаңы дайындалган мэри Маткаликов Абдупата Жороевичти мэриянын жамаатына жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине расмий түрдө тааныштырды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Эрнисбек Ормоковдун Манас шаарын беш жылдан ашык убакыт жетектеп, калаанын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымына ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле жаңы дайындалган мэр Абдупата Маткаликовдун алдында турган артыкчылыктуу милдеттерди белгилеп, шаардын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, калктын жашоо сапатын жакшыртуу, инвестиция тартуу жана социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын баса белгилеп, жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, 20-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Маткаликов Абдупата Жороевич Манас шаарынын мэри болуп дайындалган.
Ал эми Манас шаарынын мэри кызматын 2020-жылдан бери аркалап келген Ормоков Эрнисбек Абдижалилович Президенттин тескемесине ылайык, 20-февралда ээлеген кызматынан бошотулган.