Манас шаарынын мэриясына караштуу Жер ресурстарын башкаруу башкармалыгынын Муниципалдык инспекция бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарына ылайык шаар аймагында көзөмөл жана текшерүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгы
13.04.2026 15:40
3
Манас шаарынын мэриясына караштуу Жер ресурстарын башкаруу башкармалыгынын Муниципалдык инспекция бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарына ылайык шаар аймагында көзөмөл жана текшерүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында тиешелүү чаралар көрүлдү.
Атап айтканда, шаар аймагында соода жүргүзгөн жарандар өз билемдик менен товарларын жол жээгине чыгарып алгандыгы үчүн белгиленген тартипте айып пулдар салынды. Ошондой эле соода жайларындагы жарнамалык баннерлердин эскилиги жетип, жыртылып, шаардын көркүн бузуп турган учурлар боюнча да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, талаптарды аткарбаган тараптарга административдик чаралар көрүлдү.
Мындан сырткары, шаар аймагында мал-жандыктарды кароосуз, ээн-эркин коё берүү фактылары катталып, бул багытта да тиешелүү жарандарга мыйзам чегинде айып пулдар салынды.
Муниципалдык инспекция бөлүмү тарабынан шаар аймагында тартипти сактоо, санитардык абалды жакшыртуу жана шаардын эстетикалык көрүнүшүн камсыз кылуу максатында рейддик иш-чаралар мындан ары да улантылмакчы.