МАНАС ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ МЕНЕН “ТОЛЕСФОР” ЭКОЛОГИЯЛЫК КООМДУК ФОНДУ КЫЗМАТТАШУУ МЕМОРАНДУМУНА КОЛ КОЙДУ

22.05.2026  15:15

19

МАНАС ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ МЕНЕН “ТОЛЕСФОР” ЭКОЛОГИЯЛЫК КООМДУК ФОНДУ КЫЗМАТТАШУУ МЕМОРАНДУМУНА КОЛ КОЙДУ

МАНАС ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ МЕНЕН “ТОЛЕСФОР” ЭКОЛОГИЯЛЫК КООМДУК ФОНДУ КЫЗМАТТАШУУ МЕМОРАНДУМУНА КОЛ КОЙДУ

Манас шаарынын мэриясы менен “Толесфор” экологиялык коомдук фонду өз ара кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Кызматташуунун алкагында волонтердук кыймылды өнүктүрүүгө багытталган “Жаштар – таза шаар курабыз” долбоору ишке ашырылат.

Долбоордун негизги максаты – шаар аймагында тазалыкты сактоо маданиятын калыптандыруу, экологиялык мыйзам бузууларды аныктоо жана алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, маалыматтык өнөктүктөрдү уюштуруу, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо багытындагы иштерде тиешелүү мамлекеттик мекемелерге көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Долбоордун алкагында жаш волонтерлор шаар аймагындагы санитардык абалга мониторинг жүргүзүп, жашоочулар арасында экологиялык аң-сезимди жогорулатууга багытталган иш-чараларды уюштурат. Мындан сырткары, тазалыкты сактоо, таштандыны иргөө, коомдук жайлардагы экологиялык жоопкерчилик боюнча түшүндүрүү жана үгүт-насаат иштери алып барылат.

Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов жаш волонтерлордон турган долбоордун ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалап, шаарды өнүктүрүүгө жана анын тазалыгын сактоого өз салымын кошууга умтулган жаштарга ыраазычылык билдирди.

Бул кызматташуу шаарда экологиялык демилгелерди күчөтүүгө, жаштардын жарандык активдүүлүгүн арттырууга жана таза, көрктүү шаар чөйрөсүн түзүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.