Манас шаарынын мэриясы, Манас шаардык ички иштер бөлүмү жана “Достук” кайрымдуулук фонду тарабынан биргелешкен кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү.
28.04.2026 11:25
23
Манас шаарынын мэриясы, Манас шаардык ички иштер бөлүмү жана “Достук” кайрымдуулук фонду тарабынан биргелешкен кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү.
Анын алкагында шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында каттоодо турган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөргө азык-түлүк түрүндөгү жардамдар тапшырылды.
Мындан сырткары, балдардын маанайын көтөрүү максатында “Ариет” балдар чыгармачыл борборунун таланттуу балдары тарабынан чакан концерттик программа тартууланды.
Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө өспүрүмдөр үчүн түшкү тамак уюштурулуп, аларга кошумча көңүл бурулду.
Иш-чара өзгөчө камкордукка муктаж балдарды колдоо, алардын социалдык абалын жакшыртууга көмөк көрсөтүү жана коомчулуктун көңүлүн кайрымдуулукка буруу максатында уюштурулду.