МАНАС ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ 2025-ЖЫЛЫ АТКАРЫЛГАН ЖУМУШТАР БОЮНЧА ОТЧЕТ БЕРИП, 2026-ЖЫЛДЫН БЮДЖЕТ ДОЛБООРУН КООМДУК УГУУДАН ӨТКӨРДҮ

04.02.2026  15:00

47

МАНАС ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ 2025-ЖЫЛЫ АТКАРЫЛГАН ЖУМУШТАР БОЮНЧА ОТЧЕТ БЕРИП, 2026-ЖЫЛДЫН БЮДЖЕТ ДОЛБООРУН КООМДУК УГУУДАН ӨТКӨРДҮ

4-февралда Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков шаарда 2025-жылы жергиликтүү казынадан, республикалык бюджеттен жана башка булактардан жасалган курулуштар, аткарылган иштер боюнча калаа тургундарына видео түрүндө отчет берди.

Ошондой эле, мэр 2026-жылга карата шаардын бюджет долбоорун, жергиликтүү жана республикалык бюджеттен пландалып жаткан иштер, инвестициялык долбоорлор боюнча кеңири маалымат берди.

📌 Коомдук угууга Манас шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов баштаган депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана аймактык башкармалыктардан келген шаар тургундары катышты.

📌 Белгилей кетсек, Манас шаарынын 2026-жылга бюджетин 1 млрд. 586 млн. сом деп бекитүү пландалууда. Бул шаардын 2025-жылкы кирешесинен 377,5 млн. сомго көп.

📌 Жыйын суроо-жооп форматында уланып, анда тургундар көтөргөн маселелер, сунуштар боюнча мэр жеринде тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди.