МАНАС ШААРЫНЫН МЭРИ ВАЛЕНТИНА СИМОНЕНКОНУ ЖЕҢИШ КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

09.05.2026  10:30

11

МАНАС ШААРЫНЫН МЭРИ ВАЛЕНТИНА СИМОНЕНКОНУ ЖЕҢИШ КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

Манас шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаранын алкагында шаар мэри Абдупата Маткаликов калаадагы жалгыз концлагердин туткуну Валентина Симоненканы майрамы менен куттуктады.

Шаар башчысы ага чың ден соолук, узун өмүр жана үй-бүлөлүк бакубатчылык каалап, Манас шаардык мэриясынын атынан акчалай сыйлык жана белектерди тапшырды.

Ошондой эле өлкө үчүн оор сыноолорду башынан өткөргөн улуу муундун эрдиги жана каармандыгы эч качан унутулбай турганын белгилеп, терең ыраазычылык билдирди.