МАНАС ШААРЫНЫН МЭРИ ЭНЕРГЕТИКТЕРДИ КЕСИПТИК МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

19.12.2025  16:42

55

МАНАС ШААРЫНЫН МЭРИ ЭНЕРГЕТИКТЕРДИ КЕСИПТИК МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

22-декабрь – Энергетиктер күнүнө карата Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков энергетика тармагында жана коммуналдык кызмат көрсөтүү мекемелеринде, муниципалдык мекемелерде эмгектенген кызматкерлер менен жолугушуп, энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

Иш-чаранын жүрүшүндө калаа башчысы энергетиктердин шаар турмушундагы орду өзгөчө экенин белгилеп, кыш мезгилинде калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууда алардын эмгеги түйшүктүү экендигин кошумчалады.

📌 Мэр өз сөзүндө шаардагы башкада мекеме-ишканалардын эмгеги мактоого татыктуу экендигин айтып, шаар тургундарынын ыңгайлуу жана коопсуз жашоосун камсыз кылуудагы алардын эмгектерине токтолду.

📌 Иш-чаранын соңунда эмгеги менен айырмаланган бир катар кызматкерлерге Манас шаарынын мэриясынын жана Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Ардак грамоталары тапшырылды.