Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов шаардык ардагерлер кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды.
05.03.2026 14:08
10
Шаар башчысы ардагерлер кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев баштаган ардагерлер менен жылуу маанайда пикир алышып, алардын сунуш-пикирлерин угуп, алдыдагы иш-пландары менен бөлүштү.
Мэр өз сөзүндө ардагерлердин коомдогу орду өзгөчө экенин белгилеп, алардын акыл-насааты жана турмуштук тажрыйбасы жаш муун үчүн чоң үлгү экенин айтты.
Ошондой эле шаар башчысы аксакалдарды Ак калпак күнү менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, узак өмүр жана бакубат жашоо каалады.