Манас шаарынын Ч.Айтматов атындагы муниципалдык аймактык башкаруусунда “Эл деми” долбоорунун алкагында студенттер менен жолугушуу уюштурулуп, терроризмдин, экстремизмдин жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңири маалымат берилди.

20.04.2026  11:30

8

Иш-чарага Манас шаарынын мэринин орун басары Кубанычбек Шерматов, Манас шаарынын ички иштер башкармалыгынын экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы бөлүмүнүн башчысы Урмат Калдаров, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурбек Кайсарбаев катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучуларга радикалдуу агымдардын зыяндуулугу, алардын коомго тийгизген терс таасири, ошондой эле жаштарды туура эмес жолдорго азгыруу ыкмалары тууралуу түшүндүрмөлөр берилди. Мындан сырткары, студенттерди сынчыл ой жүгүртүүгө, маалыматты так текшерүүгө жана мыйзамдуулукту сактоого чакырышты.

Иш-чаранын негизги максаты – жаштарды экстремизм жана терроризм сыяктуу коркунучтуу көрүнүштөрдөн алыс болууга үндөө, коомдо тынчтыкты, ынтымакты жана өз ара урматтоону бекемдөө болуп саналат.

Белгилей кетсек, мындай түшүндүрүү иштери байма-бай улантылмакчы.