Манас шаарынын аймагында жашы жете электерге спирттик ичимдиктерди, тамеки жана психотроптук таасирдеги продукцияларды сатууга жол бербөө боюнча рейд өткөрүлдү.
11.02.2026 17:06
2
Анда калаадагы ири соода түйүндөрү, дарыкана, ресто-клубдар көзөмөлдөнүп, сурамжылоо жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Рейдге Манас шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү секторунун жана жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн кызматкерлери, муниципалдык мүлк башкармалыгынын, Манас шаардык ички иштер бөлүмүнүн, Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына караштуу үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жана Манас шаардык Салык кызматынын адистери катышты.
Алдыда мындай текшерүүлөр жана түшүндүрүү иштери байма-бай өткөрүлөт.