МАНАС ШААРЫНДАГЫ МИСТЕ ТОКОЮН ОПЕРАТИВДҮҮ БАШКАРУУ БОЮНЧА МАСЕЛЕ ЖЕРИНДЕ КАРАЛДЫ

21.04.2026  16:50

14

МАНАС ШААРЫНДАГЫ МИСТЕ ТОКОЮН ОПЕРАТИВДҮҮ БАШКАРУУ БОЮНЧА МАСЕЛЕ ЖЕРИНДЕ КАРАЛДЫ

Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги Курорт участкасында жайгашкан мисте токоюн Кара-Алма-Үрүмбаш токой чарбасына оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү боюнча жумушчу топ түзүлүп, маселе жеринде каралды.

 Натыйжада токойлуу аймак гана токой чарбасына өткөрүлүп, бош жаткан жер тилкелери, жол жээктери жана жарыктандыруу каралган аймактар мэриянын балансында калтырылат. Бул чечим жер ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүп, ошол эле учурда туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет. Мэриянын карамагында калган аймактарда инфраструктураны жакшыртуу жана инвестицияларды тартуу пландалууда.

Мындан тышкары, мисте токоюн токой чарбасынын карамагына өткөрүү экологиялык тең салмактуулукту сактоого, жашылдандыруу иштерин күчөтүүгө жана жаратылыш ресурстарын коргоого багытталат.

Белгилей кетсек, бул маселе Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги ХХIII сессиясында каралып, депутаттар тарабынан колдоого алынган.