МАНАС ШААРЫНДАГЫ МЕКТЕПТЕР ЖАНА БАЛА БАКЧАЛАР ТЕКШЕРИЛДИ
14.04.2026 10:30
4
МАНАС ШААРЫНДАГЫ МЕКТЕПТЕР ЖАНА БАЛА БАКЧАЛАР ТЕКШЕРИЛДИ
Бүгүн Манас шаарынын мэринин орун басары Кубаныч Шерматов жана тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия шаар аймагындагы жалпы билим берүүчү мектептерди жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарын текшеришти.
Аталган текшерүү мэриянын коллегиясында каралган планга ылайык жүргүзүлүп, анда балдарга берилип жаткан тамак-аштын сапаты, санитардык абалы, өрт коопсуздугу, ошондой эле суу жылытуучу жабдыктардын (аристон) жана жаратылыш газы толтурулган газ баллондордун техникалык коопсуздугу көзөмөлгө алынды.
Рейддин жыйынтыгында бир катар кемчиликтер жана муктаждыктар аныкталып, аларды кыска мөөнөттө жоюу жактары талкууланды.
Алдыда мындай текшерүүлөр улантылат.
Белгилей кетсек, Манас шаарында 29 мектеп жана 31 бала бакча бар.