МАНАС ШААРЫНДАГЫ МЕДРЕСЕЛЕР ТЕКШЕРИЛДИ
03.01.2026 09:13
44
МАНАС ШААРЫНДАГЫ МЕДРЕСЕЛЕР ТЕКШЕРИЛДИ
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын тапшырмасына ылайык, Манас шаарынын прокуратурасы, Манас шаарынын мэриясы, шаардык ички иштер бөлүмү, Жалал-Абад облусу боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери жана Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн катышуусунда шаарда жайгашкан медреселерде текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн негизги максаты — медреселерде билим алып жаткан жашы жете элек балдардын укуктарынын сакталышын камсыздоо болуп, анын алкагында билим берүү жана жашоо шарттары, санитардык-гигиеналык талаптардын аткарылышы, коопсуздук маселелери, көзөмөлгө алынды.
Мындан тышкары, тиешелүү кызматкерлер тарабынан медреселердин жетекчилерине, окутуучуларына жана окуучуларына мыйзам талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Айрыкча, жашы жете элек балдардын эрте никеге туруусунун кесепеттери, бул боюнча каралган укуктук жоопкерчилик, балдардын билим алууга болгон укугу, ден соолугун коргоо, ошондой эле балдардын кызыкчылыктарын биринчи орунга коюу маселелери боюнча кеңири маалымат берилди.
Белгилей кетсек, учурда Манас шаарында 4 кыздар медресеси, 1 балдар медресеси ишмердүүлүк жүргүзөт.