МАНАС ШААРЫНДАГЫ “АЗАТТЫК” АЯНТЫНДА КУРМАН АЙТ НАМАЗЫ ОКУЛДУ

27.05.2026  09:00

9

МАНАС ШААРЫНДАГЫ “АЗАТТЫК” АЯНТЫНДА КУРМАН АЙТ НАМАЗЫ ОКУЛДУ

Бүгүн Манас шаарындагы “Азаттык” аянтында мусулмандардын ыйык майрамы — Курман айтка карата айт намазы окулду. Майрамдык иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Уларбек Исмаилов, Манас шаарынын мэринин биринчи орун басары Дамирбек Давлянов, шаардык кеңештин төрагасы Аскат Талант уулу, дин өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Айт намазында өлкөбүздүн тынчтыгы, элибиздин ынтымагы жана бакубат жашоосу үчүн дубалар окулду. Ошондой эле боорукерликке, кайрымдуулукка жана бири-бирине урмат-сый көрсөтүүгө чакырыктар айтылды.