МАНАС ШААРЫНДАГЫ АВАРИЯЛЫК ҮЙ: МЭР ТУРГУНДАРДЫН АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ
23.04.2026 10:25
6
МАНАС ШААРЫНДАГЫ АВАРИЯЛЫК ҮЙ: МЭР ТУРГУНДАРДЫН АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ
Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов калаанын Каныбек Ташиев 3а дарегинде жайгашкан эки кабаттуу (общежитие тибинде) турак үйдүн жашоочуларынын көйгөйлөрү менен жеринен таанышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар көп кабаттуу үйдүн алдынан септик өткөнүн, анын кесепетинен имарат акырындап чөгүп бара жатканын белгилешти. Мындан тышкары, үйдүн эскилиги жетип, жаан-чачын учурунда чатырынан суу агып, жашоого ыңгайсыз шарттар жаралып жатканын айтышты.
Ошондой эле тургундар коопсуздукту эске алуу менен башка жактан жашоого ылайыктуу шарттары бар турак жай менен камсыз кылуу маселесин да көтөрүштү.
Шаар башчысы маселени жеринде көрүп чыгып, тиешелүү кызматтардын катышуусунда атайын комиссия түзүүнү жана кырдаалды мыйзам чегинде ар тараптуу кароону тапшырды.
Белгилей кетсек, аталган эки кабаттуу турак үйдө жалпы 24 батир бар.