МАНАС ШААРЫНДАГЫ №14 МЕКТЕПТЕ БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ФЕСТИВАЛЬ ӨТКӨРҮЛДҮ
16.02.2026 09:37
3
МАНАС ШААРЫНДАГЫ №14 МЕКТЕПТЕ БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ФЕСТИВАЛЬ ӨТКӨРҮЛДҮ
Фестивалдын алкагында окуучулар тарабынан даярдалган ар улуттун ыр-бийлери, каада-салттары жана үрп-адаттары көрсөтүлдү. Ошондой эле эне тилдин баалуулугу, ар бир улуттун маданиятын урматтоо жана көп улуттуу коомдо достукту бекемдөө тууралуу баяндамалар жасалды.
Иш-чаранын негизги максаты — жаш муундарга эне тилдин ыйыктыгын даңазалоо, тил аркылуу улуттук өзгөчөлүктү сактоо жана маданий ар түрдүүлүктү урматтоого тарбиялоо болуп саналат.
Мындай фестивалдар окуучулардын чыгармачылык дараметин ачууга, өз ара түшүнүшүүнү, ынтымакты жана биримдикти чыңдоого өбөлгө түзөт.