МАНАС ШААРЫНДА “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ – 2026” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ
03.06.2026 14:30
7
МАНАС ШААРЫНДА “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ – 2026” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ
03.06.2026-жыл
Бүгүн Манас шаарында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячылары арасында өткөрүлгөн “Жылдын мыкты тарбиячысы – 2026” республикалык кароо-сынагынын шаардык этабынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.
Иш-чарага Манас шаарынын мэринин орун басары Кубанычбек Шерматов, шаардык кеңештин төрагасы Аскат Талант уулу, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мендирман Исмаилов, ошондой эле тарбиячылар жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты.
Мэрдин орун басары Кубанычбек Шерматов катышуучуларды куттуктап, төмөнкүлөрдү белгиледи:
«Балдарды тарбиялоо — келечекке инвестиция салуу менен барабар. Сиздердин мээнетиңиздердин аркасында жаш муун билимге, тартипке жана жакшы сапаттарга тарбияланып жатат. Бардык катышуучуларга чыгармачылык ийгиликтерди, ал эми жеңүүчүлөргө республикалык этапта жогорку жетишкендиктерди каалайм», — деди ал.
Белгилей кетсек, сынакка шаардагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан 16 тарбиячы катышты. Кароо-сынактын шаардык этабы эки бөлүктөн — өзүн-өзү тааныштыруу видеопрезентациясынан жана видеосабак даярдоодон туруп, катышуучулардын санариптик көндүмдөрүн, чыгармачылык изденүүсүн жана медиа-сабаттуулугун аныктоо максатында өткөрүлдү.
Тарбиячыларды колдоо жана алардын эмгегин баалоо максатында жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом бөлүнүп, жеңүүчүлөргө жана бардык катышуучуларга дипломдор, баалуу белектер тапшырылды.