МАНАС ШААРЫНДА ЖЫГАЧ ЭМЕС ТОКОЙ ПРОДУКЦИЯЛАРЫНЫН КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТКӨРҮЛДҮ

09.06.2026  12:00

8

МАНАС ШААРЫНДА ЖЫГАЧ ЭМЕС ТОКОЙ ПРОДУКЦИЯЛАРЫНЫН КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТКӨРҮЛДҮ

Манас шаарында «Кыргызстандын жаңгак-мөмө токойлору: дүйнөлүк жаратылыш мурасы жана биологиялык ар түрдүүлүк, климат жана туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык кенч» аталышындагы эл аралык илимий конференциянын алкагында жыгач эмес токой продукцияларынын көргөзмөсү уюштурулду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айгүл Карабекова, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уларбек Исмаилов, Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, токой чарба адистери, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, ошондой эле чет өлкөлөрдөн келген коноктор катышты.

Конференциянын жүрүшүндө Кыргызстандын жаңгак-мөмө токойлорунун дүйнөлүк мааниси, алардын биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодогу, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдөгү жана экологиялык туруктуулукту камсыз кылуудагы ролу тууралуу кеңири пикир алышуулар болду. Катышуучулар токойлор өлкөбүздүн баа жеткис жаратылыш байлыгы жана келечек муундар үчүн сакталып кала турган уникалдуу мурас экендигин баса белгилешти.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында жыгач эмес токой продукцияларынын көргөзмөсү уюштурулуп, Кыргызстанда өстүрүлүп өндүрүлгөн жаңгак-мөмөлөрдүн түрлөрү, токойдо өсүүчү дары чөптөр, тоо балы, кургатылган жемиштер жана башка экологиялык таза продукциялар көргөзмөгө коюлду. Коноктор көргөзмөдөгү продукциялар менен таанышып, алардын пайдалуу касиеттери жана өндүрүүчүлөрдүн ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алышты.

Мындан сырткары, токой экосистемаларын сактоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана жыгач эмес токой продукцияларын өнүктүрүү аркылуу аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу маселелери талкууланды. Иш-чара тажрыйба алмашуу, жаңы кызматташтык байланыштарды түзүү жана Кыргызстандын токой байлыктарын эл аралык деңгээлде таанытууга багытталган маанилүү аянтча болуп саналат.