МАНАС ШААРЫНДА ЖЕР МУНАПЫСЫ БОЮНЧА МАТЕРИАЛДАР МАМЛЕКЕТТИК КОМИССИЯ ТАРАБЫНАН ТОЛУК КАРАЛЫП БҮТТҮ
10.06.2026 17:30
9
МАНАС ШААРЫНДА ЖЕР МУНАПЫСЫ БОЮНЧА МАТЕРИАЛДАР МАМЛЕКЕТТИК КОМИССИЯ ТАРАБЫНАН ТОЛУК КАРАЛЫП БҮТТҮ
Кыргыз Республикасынын Президентинин жер мунапысына байланыштуу кабыл алынган Жарлыгы жана Тескемесинин негизинде жер участокторун легалдаштыруу маселелерин кароо боюнча мамлекеттик комиссиянын көчмө жыйыны Манас шаарында өтүүдө.
Жыйындын максаты — жер мунапысынын алкагында каралып жаткан жер тилкелери боюнча келип чыккан маселелерди ар тараптуу талдап, мыйзам талаптарына ылайык объективдүү чечим кабыл алууну камсыз кылуу.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө комиссия мүчөлөрү тарабынан жер участокторуна байланышкан документтер, жарандардын кайрылуулары жана тиешелүү материалдар каралып, ар бир маселе боюнча мыйзам чегинде талкуулар жүргүзүлүүдө. Ошондой эле жер тилкелерин легалдаштыруу процессин тездетүү жана жарандардын укуктарын коргоо боюнча сунуштар берилүүдө.
Белгилей кетсек, Манас шаарында жер мунапысына байланыштуу материалдар мамлекеттик комиссия тарабынан толук каралып бүттү. Учурда көчмө жыйындын алкагында айрым маселелер жеринде талкуланууда.