МАНАС ШААРЫНДА ЖЕКЕ АССИСТЕНТТЕРГЕ ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМ КӨРСӨТҮЛДҮ
17.12.2025 13:45
1
Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында каттоодо турган, багууга жана туруктуу көзөмөлгө муктаж болгон балдарды жана чоң адамдарды караган 368 жеке ассистентке гуманитардык жардам көрсөтүлдү.
Аталган жардам Бүткүл дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын (WFP) колдоосу менен уюштурулду.
Жардамдын алкагында ар бир жеке ассистентке 2 мүшөк (100кг) ун жана 10 литр өсүмдүк майы таратылды. Бул азык-түлүк колдоосу жеке ассистенттердин күнүмдүк жашоосун жеңилдетүүгө, ошондой эле алардын үй-бүлөлөрүнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган.