МАНАС ШААРЫНДА ЖАШТАР ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ИШИН МОДЕЛДЕШТИРИШТИ

12.02.2026  13:26

3

МАНАС ШААРЫНДА ЖАШТАР ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ИШИН МОДЕЛДЕШТИРИШТИ

МАНАС ШААРЫНДА ЖАШТАР ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ИШИН МОДЕЛДЕШТИРИШТИ

 Иш-чарага Манас шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов, Манас шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык кеңештин депутаты Үсөн Нуркулов, Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фондунун (ЮНФПА) Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин жетекчиси Бактыбек Кайназаров, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү, шаардын жаштар кеңешинин төрагасы жана студенттер катышты.

 Иш-чаранын негизги максаты — жаштарды Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен тааныштыруу, коомдук жана эл аралык маселелерди талкуулоо аркылуу диалог жүргүзүү көндүмдөрүн, ошондой эле сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү болду.

Программа Жогорку Кеңештин моделдик отуруму менен уланып, анын жүрүшүндө катышуучулар мыйзам чыгаруу процесси менен практикалык деңгээлде таанышышты.

Иш-чара талкуу жана суроо-жооп форматында өтүп, жаштардын мыйзамдарды түшүнүүсүнө өбөлгө түзүп, лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө шарт жаратылды.