МАНАС ШААРЫНДА ЖАШ ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДА КЫЛМЫШТУУЛУКТУН ЖАНА УКУК БУЗУУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮЛДҮ
21.01.2026 15:11
63
МАНАС ШААРЫНДА ЖАШ ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДА КЫЛМЫШТУУЛУКТУН ЖАНА УКУК БУЗУУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮЛДҮ
Иш-чарага Манас шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Манас шаарынын прокурорунун жардамчысы Канышай Маманова, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, ички иштер бөлүмүнүн, билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, ошондой эле окуу жайлардын жана мектептердин жетекчилери менен мугалимдер катышты.
Жыйында 2025-жылы Манас шаарында балдар жана өспүрүмдөр арасында катталган кылмыштуулук боюнча маалыматтар айтылды. Берилген маалыматка ылайык, жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштардын саны 66ны, ал эми жашы жете элек балдарга карата жасалган кылмыштар 36ны түзгөн.
Катышуучулар жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу, болтурбоо жана көрсөткүчтөрдү азайтуу максатында тарбиялык иштерди күчөтүү, ошондой эле мекемелер аралык кызматташууну жакшыртуу зарылдыгын белгилешти.