МАНАС ШААРЫНДА ЖАРМАНКЕ ӨТҮП, 150дөн АШУУН ЖУМУШ ОРУН СУНУШТАЛДЫ

17.04.2026  15:40

11

МАНАС ШААРЫНДА ЖАРМАНКЕ ӨТҮП, 150дөн АШУУН ЖУМУШ ОРУН СУНУШТАЛДЫ

Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата “Бош жумуш орундар жана кесиптер” жарманкеси, ошондой эле “Мен өз эмгек укугумду билем!” аталышындагы маалыматтык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмү тарабынан эмгек мыйзамдарын коргоо инспектору менен биргеликте уюштурулду.

Ага Манас шаарынын мэринин орун басары Кубанычбек Шерматов, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын Түштүк региону боюнча региондор аралык башкармалыгынын башчысы Медербек Акматов, ошондой эле мекеме-ишканалардын өкүлдөрү жана жумуш издеген жарандар катышты.

Жарманкенин жүрүшүндө жарандарга 150дөн ашуун бош жумуш орун сунушталып, алар ар кандай тармактарды камтыды. Атап айтканда, курулуш, билим берүү, тигүү жана кондитердик өндүрүш, коомдук тамактануу кызматтары, ошондой эле муниципалдык жана мамлекеттик мекемелердеги вакансиялар сунушталды.

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында эмгек укуктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, катышуучуларга мыйзам талаптары тууралуу кеңири маалымат берилди.

📌 Белгилей кетсек, учурда Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүндө 507 жумушсуз жаран катталган болсо, алардын 87си иш менен камсыздалды.