МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫНЫН ОТУ ЖАНДЫ
22.12.2025 09:37
66
19-декабрь күнү, Манас шаарынын «Азаттык» аянтында орнотулган бийиктиги 27 метрди түзгөн жаңы жылдык балатынын оту жандырылды.
Балатыны жана аянтты жасалгалоо иштерине жергиликтүү бюджеттен 800 миң сом каражат жумшалды. Шаар бийлиги бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында ашыкча чыгымдарга жол берилбегенин белгилейт.
Белгилей кетсек, аталган жаңы жылдык балаты 2018-жылы сатып алынган.