МАНАС ШААРЫНДА “ҮЛГҮЛҮҮ ҮЙ-БҮЛӨ” АТАЛЫШЫНДАГЫ КАРОО-СЫНАК БОЛУП ӨТТҮ
24.11.2025 09:33
2
Иш-чара Манас шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулуп, ага Манас шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Т.Тайгараев муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Тунукбек Джээнбеков, жергиликтүү жашоочулар катышты.
Иш-чаранын максаты — улуттук нарк, инсандын руханий адеп-ахлагын өнүктүрүү, үй-бүлө институтун чыңдоо, жаштарга туура багыт берүү жана коомдо жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу, ошондой эле үлгүлүү жубайлык жана ата-энелик мамилелердин жакшы мисалдарын жайылтуу болуп саналат.
Сынактын жүрүшүндө Т.Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары ыр-бий, сахналаштырылган көрүнүш тартуулап, кол өнөрчүлүк буюмдардын көргөзмөсүн уюштурушту.
Белгилей кетсек, алдыда мындай кароо – сынак шаардагы башка аймактык башкаруулардын жана башкармалыктардын арасында улантылат.