Манас шаарында укук коргоо органдарынын Координациялык кеңешмеси болуп өттү
10.03.2026 17:35
9
Бүгүн, 10-мартта Манас шаарында укук коргоо органдарынын Координациялык кеңешмеси өткөрүлдү.
Кеңешмеге Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, Манас шаарынын прокурору Эркингүл Урдалетова, Манас ШИИБдин башчысынын орун басары Нурбек Калдаров, ошондой эле укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Жыйында төмөнкү үч негизги маселе талкууга алынды:
1. Манас шаарынын аймагында баңгизат каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү маселеси;
2. Манас шаарында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын алдын алуу;
3. Диний экстремизмдин жана конфессиялар аралык чыр-чатактардын алдын алуу, ошондой эле шаардын аймагындагы диний кырдаал.
Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү жетекчилер аталган багыттар боюнча доклад жасап, учурдагы абал жана жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.
Айрыкча баңгизат каражаттарынын жайылышын алдын алуу жана жаштар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгы белгиленди.
Өспүрүмдөр арасында профилактикалык иштерди жүргүзүү, билим берүү мекемелеринде маалыматтык жолугушууларды өткөрүү маанилүү экени айтылды.
Мындан тышкары, жыйындын катышуучулары мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, мыйзамдуулукту бекемдөө жана коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.
Күн тартибине ылайык кеңешмеде шаардын аймагындагы диний кырдаал дагы талкууланып, радикалдуу көз караштардын жайылышына бөгөт коюу, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо зарылдыгы белгиленди.
Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү мекемелерге белгиленген багыттар боюнча иш-чараларды күчөтүү жана мекемелер аралык координацияны жакшыртуу боюнча тапшырмалар берилди.