МАНАС ШААРЫНДА ҮЧ АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛГАН КОЛЛЕГИЯ ӨТТҮ

28.04.2026  15:40

28

МАНАС ШААРЫНДА ҮЧ АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛГАН КОЛЛЕГИЯ ӨТТҮ

МАНАС ШААРЫНДА ҮЧ АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛГАН КОЛЛЕГИЯ ӨТТҮ

Бүгүн, 28-апрелде Манас шаарында 2026-жылдын биринчи кварталындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары боюнча коллегиялык жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга мэр Абдупата Маткаликов, шаардык кеңештин төрагасы Аскат Талант уулу, мэрдин орун басарлары, ошондой эле мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:

— 2026-жылдын биринчи чейрегиндеги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн жыйынтыктары жана экинчи чейрекке коюлган милдеттер;

— Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмү тарабынан Манас шаарынын 2024-жылдагы бюджетинин түзүлүшү, аткарылышы жана муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары.

Жыйындын жүрүшүндө мэрдин орун басарлары, аппарат жетекчиси жана тиешелүү бөлүм башчылар тарабынан отчеттор берилип, аткарылган иштер жана негизги көрсөткүчтөр боюнча маалыматтар сунушталды.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын биринчи кварталына бекитилген шаардык бюджет 355 082,3 миң сомду түзүп, иш жүзүндө 385 585,9 миң сом аткарылган (108,6%). Республикалык бюджеттен берилген расмий трансферттерди кошкондо, такталган план 414 155,6 миң сом болуп, аткарылышы 444 659,2 миң сомду түздү.

Жалпы бюджеттик кирешелердин планы 261 630,2 миң сом деңгээлинде белгиленип, иш жүзүндө 321 484,1 миң сом түшүп, 122,9% аткарылган. Бул пландан 59 853,9 миң сомго көп каражат түшкөнүн көрсөтөт.

Өнөр жай тармагында 2026-жылдын биринчи чейрегинде 3 млрд 661,9 млн сомдук продукция өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 110,9% түздү. Өсүү темпи 120,3% болуп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 617 млн сомго көп продукция өндүрүлгөн.

Инвестиция тартуу боюнча 3 ай ичинде шаардын ар түрдүү тармактарына 2 млрд 588,9 млн сом инвестиция тартылып, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү 40,5%ды түздү.