МАНАС ШААРЫНДА ТУРАК ЖАЙЫ КҮЙГӨН 1 ЖАНА АВТО КЫРСЫКА КАБЫЛГАН 6 ЖАРАНГА МАМЛЕКЕТТИК КАМСЫЗДАНДЫРУУ УЮМУ ТАРАБЫНАН СЕРТИФИКАТ ТАПШЫРЫЛДЫ
05.02.2025 12:48
1
МАНАС ШААРЫНДА ТУРАК ЖАЙЫ КҮЙГӨН 1 ЖАНА АВТО КЫРСЫКА КАБЫЛГАН 6 ЖАРАНГА МАМЛЕКЕТТИК КАМСЫЗДАНДЫРУУ УЮМУ ТАРАБЫНАН СЕРТИФИКАТ ТАПШЫРЫЛДЫ
Бүгүн, 4-декабрь күнү, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Жалал-Абад филиалынын директору Урматбек Осмонкожо уул ОСАГО боюнча 6, турак жайы күйгөн 1 жаранга сертификат тапшырышты.
Сертификаттардын жалпы суммасы 880 миң сомду түзөт.
Шаар мэри сертификаттарды тапшырып жатып бул каражат өрттөнгөн турак жайды жана кырсыктаган автоунааларды кайрадан калыбына келтирүүдө көмөк болоорун белгиледи. Ошондой эле, шаар тургундарын турак жайларын камсыздандырууга чакырды.